Мектептин курулушунан 3,2 млн сомду кызмат адамдары өздөрүнө ыйгарып алган

04.02.2022, 11:46 Акчабар
Мектептин курулушунан 3,2 млн сомду кызмат адамдары өздөрүнө ыйгарып алган

Ак-Суу районунда мектептин курулушунан 3 млн сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган райондун Чолпон айылындагы У.Калиев атындагы 225 орундуу орто мектептин имаратын куруу иштери боюнча облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен “А.С.” жана “Т.К.” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда 62 млн 296 миң 778 сомго подряд келишими түзүлүп, мектептин имараты 2018-жылдын октябрь айында эксплуатацияга берилген.

Бирок, Ысык-Көл облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары подрядчылар менен алдын ала макулдашып, аткарылган иштердин актыларына айрым жумуштардын наркын жогорулатылган баада жана иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды киргизишип, 3 млн 224 миң 493 сомду өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “Ишенип берилен мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тэги: башкы прокуратура Ак-Суу району Чолпон айылы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть