Мелис Турганбаев: Жаштар мекенинде жетиштүү эмгек акы ала турган жумуш табууга тийиш

23.11.2021, 14:15 Акчабар
Мелис Турганбаев: Жаштар мекенинде жетиштүү эмгек акы ала турган жумуш табууга тийиш

Эмгекке жарамдуу жарандар менен жаштар чет өлкөлөрдө эмес, өзүнүн мамлекетинин жыргалчылыгы үчүн ишетеши керек. Ал үчүн өлкөдө маянасы жакшы жаңы иш орундарын түзүү зарыл. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу № 28 Октябрь шайлоо округунан талапкер Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикалык жактан өнүгүшү үчүн эң маанилүү ресурс - адамды өнүктүрүүгө негизделет. Мындан улам жаштар жана чет жакта иштеп жүргөн кыргыз жарандары өз мекенинде жетиштүү эмгек акы ала турган жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Ал үчүн аймактарда жаңы жумуш орундарынын түзүлүүсүнө өбөлгө түзүү зарыл. Анткени өлкөдө жумуш жоктугунан, болсо да эмгек акынын төмөндүгүнөн улам жыл сайын миңдеген жумушка жарамдуу жаран бактысын башка өлкөлөрдөн издеп кетүүдө.

“Менин башкы максатым ар бир жарандын жыргалчылыгына негизделген күчтүү жана туруктуу мамлекетти калыптандыруу. Анткени миллиондон ашуун мекендешибиз башка мамлекеттерде, Кыргызстандан алыс жерде иштеп жүргөнү мени өтө түйшөлтөт. Алар өз мекенинде, ата-энесинин жана балдарынын жанында болуп, мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштеши керек. Тилекке каршы, өлкөдө эң чоң көйгөйлүү маселе - жумушсуздук. Андан да чоң көйгөй жаштардын туура эмес адистикти тандагандыгында".

"Эгер мен Жогорку Кеңешке барып кала турган болсом, жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүү жана жаштарга туура багыт берүү менин милдетим деп эсептейм. Себеби эмгекке жарамдуу жаштар мекенинде жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Ал үчүн аймактарда жаңы жумуш орундарынын түзүлүүсүнө өбөлгө түзөбүз. Ошондой эле, эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоонун ийгиликтүү моделин иштеп чыгабыз”, - дейт Турганбаев.

Даярдоочу: "Акчабар" ЖЧК. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетович.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 23-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапарбек кызы Карачач тарабынан төлөндү.

Тэги: Мелис Турганбаев Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть