Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

21.05.2024, 10:10

Балдарына жана иштей албаган, колунда жок ата-энесине алимент төлөбөгөн жарандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору балдарына алимент төлөбөгөн ата-энелерге жана колунда жок кары ата-энесин багуудан качкан уул-кыздарга жазаны күчөтөт.

"Ага ылайык балдарына, ата-энесине "кайрымсыз" болгондорго 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат же 60 сааттан 100 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо 9 айга чейин камакта отурат", - деп айтылат маалыматта.

Бул мыйзам долбоору бала кезинде ата-энеси (же атасы, же апасы ) таштап кетип, карабай койгон жарандарга тиешелүү эмес. Тактап айтканда, жаран ата-эненин мээрими жок өссө, кийин ал ата-энесин карабай койгону үчүн жазаланбайт.


Читать похожее

  • 10.07.2024, 21:20:40
  • 21.05.2024, 04:10:28
  • 21.04.2024, 23:47:37
  • 22.02.2024, 03:00:20