«Мен ар дайым эл менен болгонмун жана боло берем» Ырысбек Мааткабылов үгүт иштеринин жыйынтыгын чыгарды

26.11.2021, 19:00 Акчабар
«Мен ар дайым эл менен болгонмун жана боло берем» Ырысбек Мааткабылов үгүт иштеринин жыйынтыгын чыгарды

Бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Ырысбек Мааткабылов шайлоочуларга кайрылуу жасады.

Урматтуу Свердлов районунун тургундары! Мына ошентип үгүттөө иштеринин бир айлыгы да өтүп кетти. Парламенттин шайлоосуна эки гана күн калды. Үстүбүздөгү жумалар мен үчүн ар кандай эмоцияларга бай болду. Бир тарабынан алганда – көңүлдүү жана бакубат өттү. Шайлоочуларым менен эбегейсиз көп жолугушууларды өткөрдүм. Келгендердин көбү менин эски тааныштарым болуп чыгып атышты. Жакындан баарлашып жаттык жана сиздерден колдоо сөздөрүн угуу мен үчүн жагымдуу болду. Бир жагынан алып караганда биздин элдин көйгөйү абдан көп. Турмуш-тиричиликке байланышкан дагы, глобалдуу маселеси да арбын. Ал маселелер ондогон жылдардан бери чечилбей келет. Бул өтө өкүнүчтүү.

Биздин жолугушууларга келип, шайлоо алдындагы программабызды угуп, өзүнүн сунуштарын айтып кеткендердин бардыгына терең ыраазычылык билдирем. Сиздер көтөргөн демилгелердин бири дагы кароосуз калбайт.

Урматтуу шайлоочулар! Мени жардамын аябаган адам катары билесиздер. Эгерде мен парламентке шайланып келип кала турган болсом, принциптериме бекем турам жана сиздерден келген сунуштарга таянып иш жасайм. Жогорку Кеңештин трибунасынан сиздердин талаптарды айтып турам. Өзүмдүн кесиптик тажрыйбамды кеңири колдоном. Элим үчүн кызмат кылам. Каатчылыкты биргеликте жеңип чыгабыз деп ишенимдүү айта алам!

Бүгүнкү күнү ар бирибиз акылга салып иш кылышыбыз зарыл. Добуштарыңыздарды сатпаңыздар жана популисттерге ишенбеңиздер. Акыл калчап, жүрөктү тыңшап добуш берели! 28-ноябрда шайлоо участогуна келип, мени колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм. Бир мандаттуу округдагы талапкерлердин бюллетенинде 4чү номер менен катталгам.

Урматым менен, Ырысбек Мааткабылов.

Даярдоочу: "Акчабар" ЖЧК. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.
Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич.
Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 26-ноябрь.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева Мээрим Замирбековна тарабынан төлөндү.

Тэги: Ырысбек Мааткабылов Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть