МИК ипотека ставкаларын 1%га төмөндөттү

13.08.2020, 14:15 Акчабар
МИК ипотека ставкаларын 1%га төмөндөттү

Мамлекеттик ипотекалык компания 2018-жылдын 1-ноябрына чейин берилген бардык ипотека насыялары боюнча пайыздык чендерди жылдык 8-10% дан жылдык 7-9% га чейин төмөндөттү (баштапкы төлөөгө жараша). Бул тууралуу бүгүн, 13-августа аталган компаниянын төрагасы Эльмира Абжапарова брифингде билдирди.

Ошондой эле, "Жеке турак-жай куруу" механизмине ылайык, пайыздык чендер жылдык 8-12% дан 7-11% га чейин төмөндөтүлдү (курулуш мезгилинде жылдык 11%).

"Коронавирустук пандемиядан улам келип чыккан кырдаалды эске алганда, Мамлекеттик ипотека компаниясы насыяны кийинкиге калтыруу менен ипотека насыясын төлөөдө кыйынчылыктарга туш болгон жарандарга колдоо көрсөтөт. Ипотека насыясын кийинкиге калтыруу үчүн, жаран насыя алган банкка кайрылышыңыз керек. Банктын кызматкерлери ар бир арызды өз алдынча карап чыгышат”, - деди Абжапарова.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып ушул күнгө чейин миңден ашык жарандарга 42 миллион сомдон ашык суммада насыялар боюнча кийинкиге жылдырылган төлөмдөр берилген. Жалпысынан, Мамлекеттик ипотекалык компания 5,5 миллиард сом суммасында 4,7 миңден ашык насыя берген.

Тэги: мамлекеттик ипотека Эльмира Абжапарова

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть