Министр быйыл тамак-аш коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруларына ишендирди

15.02.2024, 17:50 Акчабар
Министр быйыл тамак-аш коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруларына ишендирди

Мал базарлар, мал союучу жайлар ветеринардык жана фитосанитардык талаптарга жооп бербесе дароо жабылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал чакан үлүш жерлерди ири кооперативдерге бириктирүү иштери жүргүзүлөрүн белгиледи.

“Мындай ыкма менен майда товардык көлөмдү жоюуга болот. Аны менен катар ири кооперативдер жеңилдетилген шартта айыл чарба техникаларын лизингге алуусуна шарт түзүлөт”, - деди ал.

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев агроном адистерин өлкөнүн ар бир айыл аймагына жеткирүү зарылдыгын кошумчалады.

Тэги: тамак-аш тамак-аш коопсуздугу Бакыт Төрөбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть