Монголия Кыргызстанга жүз баш топоз берет

09.10.2023, 14:00 Акчабар
Монголия Кыргызстанга жүз баш топоз берет

Монголия топоздордун генофондун жаңылоо үчүн Кыргызстанга 100 баш топоз берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев менен Монголиянын Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министри Хаянгаа Болорчулуундун жолугушуусунда айтылды.

Белгиленгендей, Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыктын эң чоң потенциалы айыл чарба тармагына тиешелүү. Ошол эле учурда, ветеринардык уруксат берүүчү документтер бекитилсе, монгол тарап Кыргызстанга 100 баш топоз берүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Кыргызстандын монгол кесиптештери менен бирге Монголиядан Кыргызстанга эт жана эт азыктарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кароого даярдыгы тууралуу айтты.

Артыкбаев мындан ары Кыргызстандан Монголияга айыл чарба өсүмдүктөрүн экспорттоо максатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу боюнча меморандумду ишке ашыруу аракеттерин активдештирүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тарапты кызыктырган маселелерди тез арада чечүү максатында үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга макулдашышты.

Тэги: топоз Монголия Кыргызстан асыл тукум мал чарбасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть