Мугалимдер үчүн аралыктан окутууга даярдануу боюнча вебинарлар өткөрүлөт

05.08.2020, 17:10 Акчабар
Мугалимдер үчүн аралыктан окутууга даярдануу боюнча вебинарлар өткөрүлөт

Билим берүү жана илим министрлиги ушул жылдын 5-августунан 25-августуна чейин “Санарип мугалим” бир айлыгын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-августа министрдин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

“2020-2021-окуу жылында мектепке чейинки, мектеп алдындагы жана мектептик билим берүү программаларын ишке ашырууга даярдануу жана учурдагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында республиканын бардык билим берүү уюмдарында “Санарип мугалим” бир айлыгы жарыяланууда”, – деди Өмүров.

Ар бир региондо бир айлыктын алкагында педогогдор үчүн окуучулар менен натыйжалуу кайтарым байланышын уюштурулат. Анда үй тапшырмаларынын көлөмүн аныктоо, аны балоо, WhatsApp, ZOOM, Google Classroom, Скайп, Google Hangouts, Google Meet, MOODLE платформаларын колдонуу менен аралыктан окутуу формасында окуу процессин уюштуруу максатында ата-энерлер менен иштешүү боюнча окутуу семинарлары дагы өткөрүлөт.

Ошондой эле институт тарабынан 2020-2021-окуу жылында билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн 72 сааттык “Дистанттык технологияларды колдонуу менен билим берүү уюмдарын башкаруу” модулу иштелип чыгат жана окутуу семинарлары өткөрүлөт.

Тэги: онлайн окуу Билим берүү министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть