Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 52 миңден ашык тоок жумурткасы аныкталды

26.03.2021, 16:20 Акчабар
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 52 миңден ашык тоок жумурткасы аныкталды

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген тоок жумурткалары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка айылында «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 52 миң 200 даана тоок жумурткасы табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 574 миң 200 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүп берилди.

Тэги: Аткезчилик жумуртка тоок жумуртка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть