Мыйзамдаштырылган акча дарыгерлердин айлык акысын көтөрүүгө багытталат

04.08.2020, 17:14 Акчабар
Мыйзамдаштырылган акча дарыгерлердин айлык акысын көтөрүүгө багытталат

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык тармактарын жапырт санариптештирүү жүрүп жатканын, бул көмүскө экономикадагы каражаттарды мыйзамдаштырууга өбөлгө болоорун билдиргенин президенттин аппаратынан кабарлашты.

Бул каражаттар биринчи кезекте медицина кызматкерлеринин, мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүүгө багытталат.

«Өткөн жылы айлык акылар көтөрүлдү, бирок түшүнүп турам, бул аз. 5 миң сом алган дарыгерлерден эмнени талап кыла алабыз? Бул көйгөй ар дайым менин көңүл борборумда, биздин медиктерибиз мамлекет тарабынан материалдык, моралдык жактан дагы колдоо ала тургандай баарын жасайбыз», — деп айтты президент.

Мамлекет башчы үстүбүздөгү жылдын башында эле Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде саламаттыкты сактоо маселеси тургандыгын белгиледи.

«Коопсуздук кеңеши тарабынан саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөр толук иликтенип чыккан, бирок илдеттин пайда болушунан улам аларды талкуулоо кийинкиге жылдырылган», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Тэги: Сооронбай Жээнбеков медиктердин айлыгы медиктерге компенсация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть