Беткап жана вируска каршы дарылардын  наркы жогорулайбы?

30.01.2020, 09:06 Акчабар
Беткап жана вируска каршы дарылардын  наркы жогорулайбы?

Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти (МТжДКД) өлкөдөгү бардык ири фармацевтикалык компанияларды медициналык беткаптардын жана вируска каршы дары каражаттарынын наркын жогорулатпоого чакырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КРнын Саламаттык сактоо министрлиги Кытайдагы коронавирустук ((nCoV) v1) инфекциясынын чыгышына байланышкан акыркы окуяларга байланыштуу өлкөбүздүн калкын аба аркылуу жугуучу инфекциялардын жайылышына тоскоол болуучу медициналык беткаптардын (бир жолу колдонулуучу медициналык буюм) бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн, ошондой эле республикабызда даярдыктарды көрүү жана андан аркы алдын алуу иш-чараларын пландоонун алкагында төмөнкүлөрдү маалымдайт.

2020-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти (МТжДКД) республиканын дарыканаларында жана дарыкана кампаларында бир жолу колдонулуучу беткаптардын жана вируска каршы дары каражаттарынын санын тактоо максатында ири дүң фармацевтикалык фирмалардын жана дарыканалар тармагынын өкүлдөрү менен чукул кеңешме өткөрдү.

Анын жыйынтыгында МТжДКД өлкөдөгү бардык ири фармацевтикалык компанияларды медициналык бет каптардын жана вируска каршы дары каражаттарынын наркын жогорулатпоого, ошондой эле экспорттобогонго чакырды жана эскертүү берди.

Бет каптарды көп санда берүүдөн баш тартуу жана дарыканаларда бир адамга 20дан ашык сатпоо сүйлөшүлдү. Россия, Казакстан жана Кытай мамлекеттеринен беткаптарды ташып келүү убактылуу токтотулганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги башка өлкөлөрдөн ташып келүү мүмүкүнчүлүктөрүн карап чыгып, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө жана жакынкы күндөрдө республикага медициналык бет каптарды жетишээрлик санда алып келүүнү пландоодо. Бүгүнкү күнгө карата жалпы республика боюнча 2 миллионго жакын медициналык беткап бар.

КР Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды ызы-чууга алдырбоого чакырат! Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти дарыканаларда бир жолу колдонулуучу бет каптар жана вируска каршы дары каражаттары жетишээрлик санда бар экендигин кошумча маалымдайт.

Тэги: Беткап дарыгер вирус баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть