Нарындагы «Чырпыкты» жери алтын казуу үчүн аукциондо 3200 долларга сатылды

11.09.2020, 16:15 Акчабар
Нарындагы «Чырпыкты» жери алтын казуу үчүн аукциондо 3200 долларга сатылды

Нарындагы«Чырпыкты» чачыранды алтын, геологиялык чалгындоо участогун пайдаланууга берүү үчүн 4-сентябрь күнү аукцион болуп өттү. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет маалымдады.

Баштапкы баа 1950 доллар болгон. Жыйынтыгында 3200 доллар сунуштап, ЖЧК «Голд Контент» компаниясы аукциондун жеңүүчүсү болгон.

Кыска геологиялык мүнөздөмө

1986-89- жылдары аймакта изилдөө – балоо иштери жүргүзүлгөн.

Чырпыкты участогунда 7чуңкур сызык бар. 1:10 000масштабында геологиялык карта жана 1:100 – 1:1000 сыноо таразасы түзүлгөн.

Суу катмарынын пайда болуу тереңдик горизонту 1.6м. ден 8м. ге чейин. Анын кубаттулугу, 0.8-24м. суулар экин агымда.

. Чырпыкты участогунда геологиялык чалгындоо иштери, андан кийинки запастарды иштетүү үчүн рентабелдик менен участокторду тандоо талап кылынат.

Ошондой эле, ушул жылдын 4 – сентябрына көрсөтүлгөн аукциондор белгилүү себептерден улам өткөрүлбөй калды:

  • «Четке-Арчалу», участогу, чачыранды алтын, чалгындоо - форс-мажор;
  • «Баш-Нура» участогу, чачыранды алтын, геологиялык чалгындоо - өтүнүч түшкөн жок.

Кошумча маалымдайбыз, 2020 – жылдын октябрь айында төмөнкү аукциондор болоору пландалууда.

2020 – жылдын 7 октябрында саат 12-00м. Ош областынын Өзгөн МРАмекемесинде:

  • «Аксур» аймагына, алтын, геологиялык чалгындоо;
  • «Чытты», аймагына,таш көмүр, геологиялык чалгындоо.

2020 – жылдын 8 – октябрында саат 12-00м.Ош областынын Алай МРА мекемесинде:

  • «Каракала-Терек» аймагы, алтын, геологиялык чалгындоо.

Тэги: Нарын Чырпыкты алтын геологиялык чалгындоо участок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть