УКМК: Нарын университетинин кызматкерлери 6 млн сомду кымырышкан

04.04.2024, 17:55 Акчабар
УКМК: Нарын университетинин кызматкерлери 6 млн сомду кымырышкан

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери 6 млн сомго жакын каражатты мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган университеттин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджеттик каражаттарды ыйгарып алган.

“Жетекчилер белгилүү окумуштууларды жана окутуучуларды ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын тизмесине жасалма түрдө киргизип, алардын атына катталган банк карталарына 2016-жылдан бери айлык чегерилип келген. Бул акчаны университеттин айрым кызматкерлери колдонуп келишкен”, - деп айтылат маалыматта.

Суракка алынган окумуштуулар университет менен эч кандай кызматташтыгы болбогонун, аталган окуу жайда окутуучулук жана башка иштерди жүргүзбөгөндүгүн жана эмгек акы албаганын белгилешкен.

“Мындай жол менен университеттин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан 6 млн сомго жакын акча мыйзамсыз бөлүнгөн жана өздөштүрүлгөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке байланыштуу төрт киши кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилди. Алардын кызматы так айтылган жок”, - деп белгилейт УКМК.

Тэги: Нарын УКМК жетекчилер коррупция жемкорлук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть