Нарын облусунда дыйкандардын жана Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда “АГРО-2024” айыл чарба форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов өз сөзүндө бүгүнкү күндө эт, сүт, мөмө-жемиш, бал, балык жана картошка сыяктуу кластерлерди түзүү аркылуу айыл чарба продукциясын өндүрүү зарылдыгын белгилеп, кайра иштетүүчү ишканаларын көбөйтүү зарылдыгына токтолду.
Айыл чарба форумунун максаты - Нарын облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктоо, ошондой эле дыйканчылык менен багбанчылыктын жаңы ыкмаларын өнүктүрүүгө жол ачуу.