Нарын облусундагы 27 айыл өкмөткө 270 млн сомдук 44 даана жаңы атайын техникалар берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Белгилеп кетсек, Нарын облусунда “AGRO – 2024” форуму өттү. Форумдун алкагында айыл чарба жарманкеси уюштурулуп, жаңы атайын техникалар берилди.
Техникаларды президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тапшырды.