Ноокенде селден улам тургундар коопсуз жайга эвакуацияланууда.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, аталган райондун Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп, Эски Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралды. Мындан улам, 300 үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө.
Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана жергиликтүү тургундар өзгөчө кырдаалды жоюу иштерин жүргүзүп жатат.