Опубликовано
21.09.2020, 09:15Сентябрь айынын башында Кыргызстан жана Казакстандан ташылып келе жаткан дээрлик 70 тонна өсүмдүк продукциялары Новосибирск облусуна киргизилген эмес. Бул тууралуу Россиянын Новосибирск облусуна караштуу айыл чарба көзөмөлү билдирди.
[news 28147]
Жалпысынан 72.19 тонна продукция Россиянын Новосибирск облусуна караштуу айыл чарба көзөмөлү «Карасук» фитосанитардык текшерүү постунда 1-сентябрдан 16-сентябрга чейин кармалып турган.
Маалым болгондой, продукциялар Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан Россияга сатуу үчүн ташылып келген.
«Кыргызстандан ташылып келе жаткан 20.5 тонна кара өрүк, 2.28 тонна мөмө-жемиштер, 0.34 тонна алча, 7.22 тонна кургатылган жемиштер жана 2.75 тонна күрүч эгиндери, продукция тууралуу так маалымат, тастыктоочу сертификаттын жоктугунан улам кайра артка кайтарылды», - деп жазылат маалыматта.