Өнөр жай өндүрүшү боюнча Баткен облусу алдыңкы сапка чыкты

23.10.2023, 15:42 Акчабар
Өнөр жай өндүрүшү боюнча Баткен облусу алдыңкы сапка чыкты

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн өсүү темпи боюнча Баткен облусу алдыда. Баткен облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 24,2%га өстү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында Баткен облусунда 3,9 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн.

Ал эми Чүй облусунда өндүрүш өсүп, быйылкы жылы анын көлөмү 19%га жогорулаган. Бул аймакта жалпысынан 153,8 млрд сомдук өндүрүш өндүрүлгөн, ал эми сентябрь айында 19 млн сомдон ашык продукция өндүрүлгөн.

Быйыл Бишкек өндүрүш боюнча үчүнчү орунда турат. Борбор калаада быйылкы жылы өндүрүштүн көлөмү 13%га өстү, жыл башынан бери 46,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы чыгарылды.

Быйыл тогуз айда Кыргызстандын ИДПсы 808 млрд 282,8 млн сомду түздү. Жылдын тогуз айынын жыйынтыгында экономиканын өсүшү 4,2% түздү.

Тэги: Баткен облусу жеңил өнөр жайы агроөнөржай өндүрүш тармагы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть