Өкмөт башчы калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоону талап кылды

20.11.2020, 09:45 Акчабар
Өкмөт башчы калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоону талап кылды

КР өкмөтү энергетиктерден калкты үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоону талап кылды. Мамлекеттик ишканалар планга ылайык жыл аягына чейин каржыланат. Бул тууралуу өкмөт башчынын м.а. Артем Новиков жыйында билдирди.

Анын айтымында, каржылоонун жетишсиздигине шилтеме берүүгө жол берилбейт. Энергетиктерден бир гана – күз-кыш мезгилинде үзгүлтүксүз жана авариясыз электр энергия менекн камсыз кылуу талап кылынат.

«Эч кандай электр энергиясын өчүрүү болбошу кажет. Бизде кышты авариясыз өтүүнү камсыздоо үчүн энергоресурстар жетиштүү. Акыркы мезгилдеги авариялык өчүрүүлөр боюнча статистика түйшөлтүүдө. Энергетикалык компаниялардын жетекчилери аталган маселени чечүүгө басым жасашы керек. Калкыбыз электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан жабыркабашы керек», - деди Новиков.

Тэги: Новиков энергетик Электр энергия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть