Өкмөт башчы бизнести рейдерлик басып алуулардан коргоону тапшырды

13.10.2020, 12:42 Акчабар
Өкмөт башчы бизнести рейдерлик басып алуулардан коргоону тапшырды

Премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековго Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардды, санаторийлерди жана пансионаттарды талап-тоноодон сактоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын жана пансионаттардын ээлерине белгисиз жарандар келип, акча каражаттарын опузалап коркутуу аркылуу алып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Макул болбогон учурда, пансионаттарды өрттөп, денеге залал келтирүү коркутуулары болгондугу айтылат. Мындай окуялар жеринде токтотулушу керек. Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт», - деп баса белгиледи ал.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгып, мындан ары бул сыяктуу аракеттерге чек коюу тапшырмасын берди.

Тэги: премьер-министр Садыр Жапаров ички иштер министри

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть