Өкмөт кайсы тармактарга жеңилдетилген насыя берет? Асрандиевдин жообу

11.06.2020, 17:00 Акчабар
Өкмөт кайсы тармактарга жеңилдетилген насыя берет? Асрандиевдин жообу

Үстүбүздөгү жылдын май айында КРнын өкмөтү экинчи антикризистик планды бекиткен. Ал пландын алкагында жеңилдетилген каржылоого өзгөчө басым жасалган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, жеңилдетилген насыялар насыя берүүчү мекемелер (банк, микрофинансылык ишканалар) аркылуу берилет. Мекемелер насыяларды өкмөт бекиткен шарттын негизинде гана бериши керек. Жеңилдетилген насыялар биринчи кезекте өндүрүш, кайра иштетүү жана экспортко багытталган тармактарга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган тармак, медициналык буюмдарды өндүргөн тармак, туризм тамагына берилет жана соода менен тейлөө тармактарга да берилиши мүмкүн.

«Ошол эле учурда бул программага күрөөсүз микронасыялоо деген өзүнчө компонент киргиздик. Аталган компонент чакан ишкерлерге багытталган. Насыялар толук улуттук валюта (сом) менен берилет. Пайыздык үстөктөрү 6дан 10%га чейин. Микрокредиттик компанияларда 14%ды түзөт. Мөөнөттөрү микронасыялары боюнча 12 айга чейин, ал эми чоң суммалары 3 жылдан 5 жылга чейин. Ошондой эле 1 - 1,5 жыл каникулдар бар», - дейт ал.

Эскерте кетсек, КРнын өкмөтү «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасын бекиткен. Бул программаны ишке ашыруу экономикалык жана социалдык туруктуулукту камсыздоого, ишкердик субъекттерин коронавирус инфекциясынын жайылуу шарттарында колдоого багытталган.

Тэги: насыя валюта КР Улуттук банк Асрандиев жеңилдетилген насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть