Өкмөт мүчөлөрү кайрылуу жасады. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында маалымдалат.
[news 28695]
Биз, Өкмөт мүчөлөрү, Кыргызстандын жарандарына туруктуулук жана мыйзамды сактоо боюнча кайрылабыз.
1) Жөнөкөй жарандардын жашоосу үчүн зарыл болгон экономикалык жана социалдык түзүмдөрдүн, уюмдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
2) экономикалык туруктуулукту сактоо биздин негизги милдетибиз болуп саналат.
Ошондой эле өлкөбүздүн эгемендүү, демократиялык жана укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги имиджин сактоо биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири.
Биз Кыргызстан эли ишенип берген жоопкерчилигибизди сезип, өз милдетибизди жана ишибизди уланта беребиз.