akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    11.07.2020, 10:30

    Бүгүн, 11-июлда өкмөт Нарындагы ооруканаларга 20 кычкылтек концентраторун бөлүп берди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

    [news 25996]

    Маалыматка ылайык, медициналык жабдуулар Нарын облустук бириктирилген ооруканасына тапшырылдган. Концентраторлор аймактык ооруканаларга жана алардын жаңы ачылган филиалдарына муктаждыкка жараша бөлүштүрүлүп берилмекчи.

    «Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов беш концентраторду Ак-Талаа районуна жиберүү керектигин айтты», - деп айтылат өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.


    Читать похожее

    • 19.08.2020, 00:30:45
    • 11.07.2020, 04:30:01