Өкмөт Нарындагы ооруканаларга 20 кычкылтек концентраторун бөлүп берди

11.07.2020, 16:30 Акчабар
Өкмөт Нарындагы ооруканаларга 20 кычкылтек концентраторун бөлүп берди

Бүгүн, 11-июлда өкмөт Нарындагы ооруканаларга 20 кычкылтек концентраторун бөлүп берди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, медициналык жабдуулар Нарын облустук бириктирилген ооруканасына тапшырылдган. Концентраторлор аймактык ооруканаларга жана алардын жаңы ачылган филиалдарына муктаждыкка жараша бөлүштүрүлүп берилмекчи.

«Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов беш концентраторду Ак-Талаа районуна жиберүү керектигин айтты», - деп айтылат өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Тэги: Өкмөт Нарын оорукана концентратор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть