Октябрда пенсияны 50%га чейин көтөрүү боюнча маселе каралууда

09.03.2022, 11:12 Акчабар
Октябрда пенсияны 50%га чейин көтөрүү боюнча маселе каралууда

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев үстүбүздөгү жылдын октябрь айында пенсияны 50%га чейин көтөрүү боюнча маселе каралып жатканын айтты.

Анын айтымында, быйыл бюджеттен пенсияны көтөрүүгө 700 млн сом каралган. Бүгүнкү шартка ылайык өкмөттөн кошумча каражат бөлүп берүү боюнча маселе каралууда.

“Бюджеттен кошумча каражат бөлүп беребиз деген маселелер каралып жатат. Биз сунуштарыбызды бердик, жылдагыдай эле 1-октябрдан бул маселе каралат. 50%га чейин пенсияны көтөрөлү деп жатабыз”,- деди ал.

Ошондой эле Алиев учурда пенсиянын эң аз өлчөмүн жашоо минимумуна жеткирүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга алат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Социалдык фонд тарабынан 7280 жаранга пенсия чектелген. Ал эми 2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 714,6 миң адамды түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 26,4 миң адамга көбөйгөн.

Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылдын IV кварталында орточо калктын киши башына жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 6 518,03 сомду түзгөн жана мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17,2 пайызга өскөн.

Тэги: пенсия Социалдык фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть