Өлкө боюнча 92 объекттин курулуш иштери аяктады

20.12.2019, 17:00 Акчабар
Өлкө боюнча 92 объекттин курулуш иштери аяктады

Өлкө боюнча 96 объекттин курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу «Кабар»агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура, мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз катчысы Азиза Масимова билдирди.

Анын айтымында, быйыл 96 объектти бүткөрүү каралган.

«Бүгүнкү күнү 92 объект бүткөрүлдү. Калган 4 объектте иштер аяктап калды. Алардын ичинен: 41 – капиталдык курулуш объектилери, капиталдык оңдоп-түзөө объекттери – 33; таза суу боюнча – 9 объект. Алар 22 айылды таза суу менен камсыздайт», - деди ал.

Ал белгилегендей, 41 капиталдык курулуш объектисинин ичинде 28 мектеп, 6 саламаттык сактоо, 1 маданият, 2 спорт тармагындагы объект жана 1 турак-жай бар.

«Андан тышкары, дагы 3 объект бар: Нарын шаарындагы аянт, Талас облусундагы ат майданы, Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык балдар мекемеси», - деди ал.

Тэги: мамлекеттик курулуш объект

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть