akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: uza.uz

    Опубликовано

    23.11.2019, 09:45

    Өзбекстандын президенти Шавката Мирзиёевдин буйругу менен Ички иштер министрлигинин ондогон жооптуу кызматкери кызматтан алынды. Алардын арасында Кайгуул-күзөт жана коомдук тартипти сактоо кызматынын жетекчиси, Аскердик кароолдун башчысы да бар.

    Сentralasian кызматы кабарлагандай, кызматтан алуу жараяны – өзбек түрмөлөрүндөгү жана абактарындагы кыйноо, киши өлтүрүү, айрым кишилерди ири акчага бошотуп жиберүү жөнүндөгү маалыматтардан кийин башталды.

    ИИМдин тергөө абагынын 9 кызматкери 2000 долларга күн сайын соттолуучуларга милиция формасын кийгизип, үйлөрүнө жеткирип турган. Алардын арасында президент тарабынан куугунтукталган мурдагы аткаминерлер да болгон. Бул тазалоого негиз болду, – деди өз булактардын бири.

    Өзбекстан ИИМинин кызматкеринин бири жумуштан бошотулгандарга карата “Кызматтык шалаакылык” беренеси боюнча тергөө амалдары башталганын билдирди.


    Читать похожее

    • 25.06.2024, 21:35:02
    • 10.06.2024, 22:55:35
    • 20.05.2024, 04:45:51
    • 15.05.2024, 21:35:51