2021-жылдын январь-февраль айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 13% төмөндөдү. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Бул кайра иштетүү тармагынын 18.3% жана пайдалуу тоо-кен казуу тармагы 16.1% төмөндөгөнү менен байланыштуу. Ошол эле учурда энергетика сектору 1.4% жогорулаган.
Кошумчалай кетсек, Кумтөрдөн сырткары, Кыргызстандагы өнөр жай тармагы 7% өскөн. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 1.5% көп.