Орус жарандыгын алган мигранттар кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдоно албайт

29.03.2024, 14:40 Акчабар
Орус жарандыгын алган мигранттар кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдоно албайт

1-апрелден тарта Орусиядагы Кыргызстандын жараны орус паспортун же жашап турууга уруксат (ВНЖ) алгандан кийин бир жыл гана кыргыз айдоочулук күбөлүгүн колдоно алат. Андан кийин ал жараксыз болот. Бул тууралуу "Reporter.kg" Кыргызстандын Москвадагы элчилигине таянып жазды.

1-апрелге чейин алынган жарандык жана жашоого уруксаты бар мигранттардын айдоочулук күбөлүгү 2025-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.

"Бул категориядагы адамдарга Орусиянын улуттук айдоочулук күбөлүгү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте экзаменсиз берилет. Ал үчүн кыргыз айдоочулук күбөлүгү, медициналык маалымкат жетиштүү. Жөнөкөйлөтүлгөн процедура 2025-жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот", - деп айтылат маалыматта.

Кош жарандыгы, же жашап турууга уруксат жок кыргыз мигранттары айдоочулук күбөлүгүн алмаштырбай эле иштей беришет.

Тэги: такси айдоочулук күбөлүк эмгек мигранттары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть