Орусиялыктар доллар менен еврону активдүү сатып алып жатышат

04.03.2020, 15:30 Акчабар
Орусиялыктар доллар менен еврону активдүү сатып алып жатышат

2020-жылдын февраль айында орусиялыктардын доллар жана еврого болгон талабы өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу 19 жана 7 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу EastRussia порталы билдирди.

Эксперттер бул көрүнүштү коронавирус эпидемиясы байланыштырышууда. Себеби, учурда фонд рынокторунун баасы төмөндөп, рублдун курсу түшүүдө.

ТАСС порталы билдиргендей, февраль айында АКШ долларын сатып алуучуларынын саны 40% өскөн. Ал эми еврону сатып алгандардын саны - 7% жогорулап, сатып алуу 17% төмөндөгөн.

Маалыматка ылайык, доллар менен еврону москвалыктар жана петербургдагылар активдүү сатып алуучулардан болушкан. Бул валюталарга болгон жогорку талап Новосибирск жана Саратовдо катталган.

Тэги: орусиялыктар доллар евро

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть