Akchabarsearch
Источник фото: Бажы кызматы

Опубликовано

10.06.2020, 06:45

Ошто бажы кызматкерлери 1,5 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукцияларын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

[news 24922]

Маалыматка ылайык, «Ыкчам» бажысынын кызматкерлери Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда Б.А.Н., аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 28380 таңгак (567600 даана) акциздик маркалары жок төмөнкү тамеки продукцияларын табышкан:

  1. CAVALLO (акциздик маркасы жок);
  2. MILANO (акциздик маркасы жок);
  3. MOND (акциздик маркасы жок).

Экспертизанын берген кортундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 1 572 100 сомду түзөт.


Читать похожее

  • 17.07.2024, 21:27:01
  • 16.05.2024, 01:51:48
  • 30.04.2024, 03:44:40
  • 08.04.2024, 22:23:14