akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.11.2021, 04:15

    “Ош” эл аралык аэропорту күзгү-кышкы графикке өттү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун" коомчулук менен байланыш кызматы билдирди.

    Маалыматка ылайык, аэропорт 2021-жылдын 31-октябрынан тарта учууларды жаңы ырааттама менен тейлей баштады жана жаңы түзүлгөн график 2022-жылдын 26-мартына чейин иштейт. Алсак, ички каттамдар боюнча:

    Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча учууларды "TEZ JET" авиакомпаниясы жумасына 26 жолу аткарат (күнүнө 3-4 каттам).

    Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча учууларды "Avia Trafic Company" авиакомпаниясы жумасына 7 жолу аткарат (күнүгө).

    Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча учууларды "Эйр Манас" авиакомпаниясы жумасына 15ке жакын каттамдарды аткарат (күнүгө 1-2 каттам).

    Эл аралык каттамдар боюнча http://www.airport.kg/ шилтемеси аркылуу маалымат ала аласыз.


    Читать похожее

    • 21.02.2022, 01:30:44
    • 15.11.2021, 22:15:59
    • 10.08.2020, 21:29:32
    • 03.06.2020, 21:20:27