Ош облустук милициясынын башчысынын үч орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми мекеменин башчысы Жеңиш Жоробековго эскертүү берилди. Анын үч орун басары - Алмаз Усеналиев, Салмоорбек Шералиев жана Улан Асанбаев буга чейин социалдык тармактарда тараган видеодон улам жумуштан алынды.
Окуя 23-ноябрда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында болгону такталган. Анда укук коргоо органынын өкүлдөрү пикир келишпестиктен улам мушташканын аныкталган.
ИИМ бул окуя боюнча юридикалык баа берилерин кошумчалады.