Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

04.06.2020, 05:00

Ош облусунда коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү маселеси комиссияда каралууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

[news 24172]

Маалымат жыйында ага Ош облусунда коронавирустан каза болгон фтизиатр дарыгердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилеби деген суроо узатылды.

«Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде мекемелер аралык иш топ иштеп жатат. Ал жерде кенемте боюнча иштер алынып барууда», - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери Альберт Исмаилов коронавирустан каза болгон.


Читать похожее

  • 14.04.2024, 22:15:58
  • 28.02.2024, 23:34:37
  • 15.12.2020, 21:15:23
  • 15.12.2020, 02:50:01