Ош облусунда коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү маселеси комиссияда каралууда

04.06.2020, 11:00 Акчабар
Ош облусунда коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү маселеси комиссияда каралууда

Ош облусунда коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү маселеси комиссияда каралууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага Ош облусунда коронавирустан каза болгон фтизиатр дарыгердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилеби деген суроо узатылды.

«Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде мекемелер аралык иш топ иштеп жатат. Ал жерде кенемте боюнча иштер алынып барууда», - деди ал.

Эскерте кетсек, 2-июнь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери Альберт Исмаилов коронавирустан каза болгон.

Тэги: Ош облусу кенемте коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть