Ош облусуна 10 өндүрүштүк ишкана ачуу сунушталды

28.12.2020, 16:15 Акчабар
Ош облусуна 10 өндүрүштүк ишкана ачуу сунушталды

Ош облусунун аймагында 10 өндүрүштүк ишкана ачуу сунушталды, - деп билдирет өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, облус башччысы Жарасул Абдураимов 2021-жылга пландалган 10 көлөмдүү өндүрүштүк ишкананын демонстративдик долбоорун сунуштады.

Презентацияга 14 ММК өкүлдөрү жана 4 ишкерлер ассоциациясы, бирикмелердин жетекчилери, экономика министрлигинин адистери, эркин экономикалык серепчилер катышты.

Жарасул Абдураимов ар бир долбоордун сырье алуудагы мүмкүнчүлүгүн, экологиялык жактан пайдасын, киреше булагын, ал түгүл курулуучу ишканалардын долбоору, алынуучу жабдыктардын фирмаларын, алардын артыкчылык жана кемчилиги менен кошо сунуштаган.

Ишкерлер жаңыча көз караш менен болгон мындай долбоорлор менен таанышып кубанып турганын билдирип, өз ара талкуулап, кенен маалымат берүү үчүн кайрадан дагы ички жана тышкы инвесторлор менен жыйын өткөрүү сунушташты.

Сунушталган долбоорлор тууралуу:

1. Композиттик курулуш заводу;

2. Электромобиль такси кызматы (Кара-Суу шаарында);

3. сопропель өндүрүү;

4. Бал өндүрүү жана экспортто;

5 ЖЭБтерден чыккан калдыктарды кайра иштетүү;

6. Панель курулуш материалын өндүрүү жана жеңил конструкция менен турак-жай куруу;

7. Минералдык суу чыгаруу, экспорт;

8. Сублимациялык кургатуучу ишкана жана, сапатуу азыктар;

9. Балык чарбачылыгы;

10. Тери кайра иштетүү жана экспорттоо;

11 . Шире жана башка азыктарды куюу үчүн идиштерди чыгаруу.

Тэги: Ош облусу өндүрүштүк ишкана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть