Ош: Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына 3,5 млн сомго шаймандар тапшырылды

29.12.2023, 09:53 Акчабар
Ош: Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына 3,5 млн сомго шаймандар тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгына 3 млн 407 миң 300 сомго издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө зарыл болгон шаймандар тапшырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаймандар Ош облусунун өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен сатып алынды.

Белгилеп кетсек, куткаруучуларга ылай сууларды сордуруучу мотопомпа, атайы издөө иштерине багытталган дрон аппараты жана ошондой эле куткаруучулар колдонуучу ар кандай шаймандар, кийим сатып алынган.

Тэги: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусу шаймандар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть