Опубликовано
05.07.2021, 07:30Ош шаарында күйүүчү майдын баасы эки күндө 54 сом 50 тыйынга көтөрүлдү. АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 2-июлда эле литрине 53 сом болчу. Айдоочулардын айтымында, бул баа бир ай бою өзгөргөн эмес.
Кыргызстанда бензиндин баасы бир жыл аралыгында 20 сомго кымбаттады. Маселен, былтыркы жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 34 сом болчу.