Ошто эгемендүүлүк күнү 120 орундуу балдар бакчасы ачылат

19.08.2021, 17:40 Акчабар
Ошто эгемендүүлүк күнү 120 орундуу балдар бакчасы ачылат

Ош шаарындагы "Туран" кичи районунда курулушу жүрүп жаткан 120 орундуу бала-бакча 31-август, Эгемендүүлүк күнү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шаардык капитал курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Бала-бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен 27 милион сомго курулууда. Учурда курулуш иштери 90% жеткен.

Мындан сырткары, Ош шаарында дагы үч балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат. Алардын бирөө 120 орундуу жаңы болсо, дагы эки балдар бакчасы эскиге улай кошумча 100 жана 75 орундуу болуп курулат. Алардын баары жергиликтүү бюджеттен каржыланары маалым болду.

Тэги: бала-бакча курулуш бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть