Ошто көчөлөрдү кеңейтүү иштери жүрүүдө

04.04.2024, 10:47 Акчабар
Ошто көчөлөрдү кеңейтүү иштери жүрүүдө

Ош шаарында Ош көчөсүнүн Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүктө кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Бузуу иштерине жергиликтүү тургундар колдоо көрсөтүп, “кызыл сызыктан” чыгып кеткен имараттарды алып салууда.

Белгилеп кетсек, жолдун узундугу 500 метрге жакын, туурасы 12 метрди түзүп, эки тарабына тротуарларды куруу, ирригациялык тармактарды орнотуу, көчөнү жарыктандыруу каралган.

Оңдоо иштери сентябрь айында бүткөрүлөт.

Тэги: Ош шаары көчө жол оңдоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть