Ош облусунда пахта аянты былтыркы жылга салыштырмалуу миң гектарга кыскарды. 2020-жылы аймакта сегиз миң гектар жерге пахта эгилген болсо, быйыл анын аянты миң гектарга азайган. Бул тууралуу “Акчабарга” Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмүнөн билдиришти.
Аталган бөлүмдүн башчысы Маматжалил Токторбаев мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
“Пахта аянттарынын жылдан жылга кыскаруусунун себеби кургакчылыктан улам сугат сууларынын азайышы жана пахтанын баасынын көтөрүлбөй жаткандыгында. Мындан улам дыйкандар пахта эксе өзүн-өзү актабай жатат."
Пахтанын бир килосу бир топ жылдан бери 40 сомдун тегерегинде сатылат.