Ошто социалдык дүкөндөр ачылат

17.03.2022, 15:30 Акчабар
Ошто социалдык дүкөндөр ачылат

Ошто социалдык дүкөндөрдүн ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Алмаз Мамбетов бүгүн базар жана маркеттердеги негизги азык-түлүктүн баасы менен таанышуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, аймакта 8 социалдык дүкөн ачуу пландалууда.

"Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Дүкөн эки бөлүккө бөлүнөт. Бири эт сатса, экинчиси эң керектүү азыктарды: сүт, күн карама майы, кумшекер сатат. Дүкөндүн негизги өзгөчөлүгү эттин баасы базар баасынан 10-15% төмөн болушу керектиги эске алынып, фермерлер менен түз келишим түзүлөт. Ушундай эле келишимдер башка айыл чарба өндүрүшчүлөрү менен да түзүлөт. Бул учурдун талабы”, - деди Мамбетов.

Мэр калаадагы ири соода түйүндөрүнүн бирине барып, өсүмдүк майы, кумшекер, ундун баасы менен таанышты.

“Тамак-аш жетиштүү өлчөмдө бар. Ири соода жайынын бириндеги баалар да базарга салыштырмалуу төмөн кармалып турат. Бул жерде кумшекердин килограммы учурда 83 сомдон сатылууда. Айрым ишкерлер тарабынан жасалма түрдө пайда болгон ызы-чуулардын алдын алуу максатында күн карама майын, кумшекерди сатып алууга чектөөлөр киргизилип жатат”, - деди Мамбетов.

Кошумчаласак, жакында Ошко матрезервдин запастарынан кумшекер жана күн карама майы жөнөтүлөт. Кумшекердин килограммы 70 сом, майдын литри 130 сомдон сатылат. Бул багытта ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Анын алкагында, ириде шаардагы муниципалдык башкармалыктардагы аз камсыз болгон жана социалдык жактан аялуу жарандар үчүн шарттар түзүлөт. Бул белгиленген баалардын соода түйүндөрүндө сакталышын Ош шаарынын мэриясы көзөмөлдөйт.

Тэги: Ош мэр азык-түлүк базар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть