Ошто техникумдун жетекчиси жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган

24.04.2024, 16:35 Акчабар
Ошто техникумдун жетекчиси жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган

Ош шаарында техникумдун жетекчиси мыйзамсыз менчиктештирип алган жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.С. аттуу жаран Ош айыл чарба техникумун жетектеп турганда, окуу жайга таандык 266 чарчы метр жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган (ред. Мухтар Нургазиев көчөсү №3). Кийин ал жерге 647,28 чарчы метр болгон 4 кабаттуу үй салган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган жаран 4 кабаттуу үй салынган жер тилкени мэриянын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Бул жер менен үй 50 млн 241,1 миң сомго бааланды", - деп билдирди УКМК.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо иштери уланып жатканын билдирди.

Атайын кызмат "жерди мамлекетке кайтарды" деген адам Сейитбек Аматов экени белгилүү. 2021-жылы журналист Ыдырыс Исаков Аматовдордун байлыгы тууралуу иликтөө жарыялап, анда аталган жер тууралуу да сөз болгон.

Тэги: мыйзамсыз менчиктештирүү Ош облусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть