Опубликовано
27.07.2021, 10:00Айыл чарбасын каржылоо долбоору боюнча Ош облусунда ушул жылдын 1-июлуна карата “РСК Банк” аркылуу 511 жаранга 237,7 миллион сомдук жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу “Акчабарга” президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмү билдирди.
Жеңилдетилген насыя мал чарбасы менен алектенген 379 жаранга 168,3 млн сом, талаачылык кылган 124 жаранга 46,6 млн сом жылдык 10% үстөгү менен берилген. Ал эми айыл чарба продукциясын кайра иштеткен сегиз кишиге 22,8 млн сомдук насыя жылдык 6% менен берилди.