Ош шаарында жүк ташуучу автоунаалар кураштырыла баштады

09.07.2021, 15:00 Акчабар
Ош шаарында жүк ташуучу автоунаалар кураштырыла баштады

Оштогу “Кыргыз унаа курулуш” заводунда жакын арада жүк ташуучу унаалар чыга баштайт. Кытайдын Dongfeng компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында, 12 жүк ташуучу автоунаанын тетиктери алып келинип кураштырыла баштады.

“Бул жерде кузовду өзүбүз жасайбыз. Кошумча куроо иштери да бар. Чыга турган унаанын азыркы монотондуу "Хюндай портер" автоунаасынан айырмасы - экологиялык кылмылдаткычы жаңы болуп, абага зыян алып келбейт. Бир түрү бензиндик, дагы бир түрү дизелдик болот. Унаа бир тонна жүк көтөрө алат. Азыркы учурда заводдо автоунааларды куроо гана жүргүзүлөт. Келечекте, толук үйрөнүп алган соң, автоунаа иштеп чыгарууга өтөбүз”,- деп билдирди ишкананын башкы конструктору Болот Дыйканбаев.

Заводдо 2020-жылдан тарта электрогенераторлор, электрокалканчтар, лифттер, темир эшиктер жана тез жардам унаасы чыккан. Ишканада учурда 500дөй кызматкер эмгектенет. Автоунаа куроого 300 ашуун жумушчу тартылган.

“Менин жумушум электр куроо. Бул жерде ар бир жумушчунун иши ар башка. Баарыбыз биригип, бир күндө эки машинаны куроого үлгүрөбүз”, - деди жумушчу Бабур Раимжанов.

Азыркы тапта жүк ташуучу унаанын анык баасы коюла элек. Завод жетекчилиги унаа элдин талабына ылайык, атаандаштыкка туруштук бере ала турган баада болот деп ишендирди.

“Жүк ташуучу унаанын баасын базар өзү аныктайт. Элдин чөнтөгүнө туура келбеген бааны койсок, биз өзүбүз банкротко учурашыбыз мүмкүн. Ошондуктан, ыңгайлуу баа коебуз”,- дейт “Кыргыз унаа курулуш” заводунун аткаруучу директору Нурбек Осмонов.

Жалпы аянты 20 миң чарчы метр болгон “Кыргыз унаа курулуш” ишканасы 2018-жылы курулуп, 2020-жылы пайдаланууга берилген. Пандемия шартына байланыштуу негизинен жумуш токтоп турган.

Тэги: автоунаа завод Ош ОсОО «Кыргыз Унаа Курулуш»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть