Оштогу соода-экономикалык колледжге жаңы жетекчи дайындалды

27.08.2021, 10:30 Акчабар
Оштогу соода-экономикалык колледжге жаңы жетекчи дайындалды

Ош шаарындагы соода-экономикалык колледждин директорлугуна Зулпукар Молошев дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов кол койгон.

Зулпукар Молдошев 2019-жылдан 2021-жылга чейин Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында башкы адис болуп эмгектенген. Ошондой эле, ал Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ага окутуучусу, декандын илимий иштери боюнча орун басары болуп иштеген.

Ал эми буга чейин соода-экономикалык колледжди Акматбек Караев 26 жыл бою жетектеп келген.

Тэги: колледж жаңы жетекчи Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть