Өзбекстанда автоунаалар орточо 2400 долларга арзандайт

05.06.2020, 09:15 Акчабар
Өзбекстанда автоунаалар орточо 2400 долларга арзандайт

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 3-июнда ички автотранспорттук рынокту өнүктүрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, 1-августтан тартып тракторлорду, 10 же андан көп киши ташыган моторлуу транспорттук каражаттарды, жеңил автоунааларды ,анын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган фургондорду, жарыш автоунааларын алып кирүүдө акциздик салык жоюлат.

Ушул тапта импорттук жеңил автоунаалардын акциздик салыгы 30% түзөт. Россия, Казакстан, Украинада өндүрүлгөн автоунааларды алып кирүүдөгү акциз баасы бажы алымынын 2%ына барабар.

Өзбекстан эркин соода аймагы жөнүндө келишим түзгөн өлкөлөрдөн чыккан автоунааларды алып кирүүдө да жеңилдиктерди берет.

Ушул тапта Өзбекстанга чет өлкөдөн автоунаа алып кирүүдө 15% кошумча нарк салыгын, бажы төлөмүн жана акциз салыгын төлөө керек.

Жергиликтүү авторынокко байкоо жүргүзгөн Autostrada сайтынын талдоосуна ылайык, акциз салыгы жоюлса, импорттук машинелердин баасы кеминде 2400 долларга арзандайт.

Тэги: Өзбекстан автоунаа 2400 доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть