Чүй облусунун Панфилов районундагы Чорголо айылында 110 орундуу мектеп куруу пландалууда.Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.
Тендердик сумма 54 млн 571 миң 3 сомду түзүп, сынактык табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 26-мартка чейин.