Пенсионерлер мамлекеттик дарыканадан 60-70% арзан дары ала алышат

22.11.2023, 11:40 Акчабар
Пенсионерлер мамлекеттик дарыканадан 60-70% арзан дары ала алышат

Пенсионерлер мамлекеттик дарыканалардан дарыларды жеке дарыканаларга караганда 60-70% арзан сатып ала алат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик пенсионерлерге мамлекеттик дарыканалардан дары-дармек сатып алууда кошумча жеңилдиктерди киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Эскерте кетсек, мамлекеттик дарыканаларда маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү бар, аларды калк жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып алат.

Тэги: мамлекеттик дарыкана пенсионерлер арзандатуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть