Пенсия албаган баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүү сунушталды

26.02.2024, 12:40 Акчабар
Пенсия албаган баатыр энелердин жөлөкпулун көбөйтүү сунушталды

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда пенсия албаган баатыр энелерге берилген жөлөкпулдун өлчөмүн көтөрүү тууралуу токтом долбоорун кабыл алды.

Белгиленгендей, учурда Кыргызстанда 33 миң баатыр эне бар. Алардын көпчүлүгү пенсия алат. Бирок 121 баатыр эне мурда эч жерде иштебегендиктен, пенсия алууга укугу жок болуп, аларга мамлекет тарабынан 3 миң сомдон жөлөкпул төлөнүп келет.

“Баатыр энелерге берилген жөлөкпулдун өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнө байланган. Ал азыр 3 миң 170 сомду түзөт. Биз аны пенсиянын базалык бөлүгүнө эмес, жашоо минимумуна байлайлы деп жатабыз (учурда пенсионердин жашоо минимуму 6 миң 816 сомду түзөт - ред.). Себеби жашоо минимуму жыл сайын өзгөрүп турат. Жөлөкпул жашоо минимумунун үчтөн эки бөлүгүнөн кем болбосун деп жатабыз”, - деди ал.

Депутат Марлен Маматалиев пенсия алган баатыр энелерге Социалдык фонд тарабынан пенсиясына 1 миң сомдон кошулуп берилерин, аларга дагы 1 миң сомдон кошуу үчүн 100 млн сом керектелерин айтты.

Тэги: пенсия Баатыр эне жөлөкпул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть